Лейлекте 70тен ашуун үй-бүлөгө жаңы үйлөр курулуп жатат
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунда чек ара айылдарынан көчүрүлүүчү тургундар үчүн курулуп жаткан жаңы айылдардан кабар алды.
Өкулчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы аталган айылдарга көчүрүлүүчү тургундар менен да жолукту. Айыл эли жаңы айылдар боюнча бир катар суроолоруна жооп алышты.
Айбек Шаменов ар бир үй-бүлө үчүн бардык шарты бар үйлөр толук бүтүп тапшырыларын, айылдын электр энергия, таза суу, сугат суу жол жана башка маселелери толук чечилип, жашоо үчүн бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, учурда Кулунду айыл аймагына караштуу Раззаков айылында 60 турак жай жана Максат айылында 16 турак жай курулууда. Учурда үйлөрдүн ички жасалгоо жумуштары жүрүүдө.
Ошондой эле электр мамыларын орнотуу жана ички жолдорду куруу иштери аткарылууда.
Аталган үйлөргө Максат айылынан 16 үй-бүлө, Сада айылынан 27 үй-бүлө, Селкен участкасынан 17 үй-бүлө, Раззаков айылынан 16 үй-бүлө жайгаштырылат.