Лаостун Президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга жумуш сапары менен келди
Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулит Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.
Лаос Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулит “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Лаос Республикасынын Президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.