Кытайдын мамлекеттик курулуш компаниясы Ошко инвестиция салууга даяр

 Кытайдын мамлекеттик курулуш компаниясы Ошко инвестиция салууга даяр

Кытайдын мамлекеттик курулуш компаниясы Ош шаарына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев Кытайдын мамлекеттик “Шаньдунь” курулуш компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Калаа башчы инвесторлорго шаар бийлиги коопсуздукту камсыздап, шарт түзүп иштешүүгө кызыктар экенин, учурда эки чоң ири Кытайлык компания менен жумуш жүрүп жаткандыгын айтты.

Инвесторлор “Шаньдунь” курулуш компаниясы бир кылымга жакын тарыхы бар экендигин, Ош шаарына инвестиция салууга кызыктарлыгын билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти.

Связанный пост