Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: Жыл аягына чейин 22 пайызы курулат

 Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: Жыл аягына чейин 22 пайызы курулат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда жыл аягына чейин жалпы иштердин 22%ын аткаруу пландалууда. Ал эми 2026-жылга белгиленген көрсөткүчтөрдү 110%га аткаруу көздөлүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясынын башкы директорунун орун басары Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, темир жолдун курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Август айында узундугу 209 метрди түзгөн “Кош-Дөбө-2” туннелинин казуу иштери аяктаган.

“Бул туннелдердин эң кыскаларынын бири. Долбоордо жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн 29 туннелди куруу каралган. “Кош-Дөбө-2″ туннелинин казылышы – алгачкы маанилүү жыйынтыктарыбыздын бири. Ал эми калган иштер планга ылайык уланууда”, – деди Улан Кулов.

Связанный пост