Кыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди
Кыргызстанга бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун алгачкы партиясы жеткирилди.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун “Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү” багытынын алкагында алынууда.
Бул максатта “АльянсСпецТех” ЖЧКсы менен 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлүп, жалпысынан 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.
“Учурда келген биринчи партиянын баасы 13 млн 638 миң сомду түзөт. Анын курамында 10 жана 35 кВ чыңалуудагы ток жана чыңалуу трансформаторлору бар”, – деп айтылат маалыматта.