Кыргызстанга туристтик поезд келди 

Бүгүн, 2023-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарына Европадан туристтер менен туристтик поезд келди.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар конокторду Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты. Туристтердин программасы бай – бул өлкөнүн кооз жерлери менен таанышуу жана кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын кыдыруу, Кыргызстандын берметине – Ысык-Көлгө баруу.

Бул иш-чара салтка айланып баратат, анткени 2022-жылдын сентябрында ушундай эле турпоезд коноктор менен биздин өлкөгө келген, бул турпоезддин экинчи каттамы.

2022-жылдын август айында «Lernidee Erlebnis Rreisen» туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик тур өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү алкагында “Кыргыз темир жолу” коноктордун каалоосун эске алуу менен өлкө ичинде темир жол менен жүрүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөттү.

Жалпысынан Европадан 60 ашуун турист келди, алар Кыргызстанга 2 күнгө жакын болушат, андан соң Казакстанга кетишет.

Связанный пост