ИКУнун Башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 ИКУнун Башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Өзүмдүн жана Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчылыгынын жана анын органдарынын атынан Сизди Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Биз Кудайдан Кыргыз Республикасынын дайыма өнүгүшүн жана гүлдөп-өсүшүн тилейбиз, ошондой эле бүткүл ислам коомчулугуна тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост