Кыргызстанга туристтик поезд келди

Бүгүн, 2024-жылдын 31-мартында Бишкек шаарына Австралия, Англия, Швейцария, Австрия жана Германиядан келген туристтер менен быйылкы жылдын алгачкы туристтик поезди келди. Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына темир жол аркылуу өлкө ичинде саякаттоо үчүн Кыргызстанга туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. «Кыргыз темир жолу» ишканасы коноктордун каалоосун эске алуу менен темир жол транспорту менен коопсуз жүрүүнү уюштурууга көмөк көрсөттү.

Туристтик поезд каттамы – Алматы-Балыкчы-Бишкек-Түркмөнстан, Ташкент-Түркмөнстан-Бишкек-Балыкчы-Алматы. Поезд 9 вагондон турат. Бул туристтик поезд 2022-2023-жылдары да келген.

Туристтер Ысык-Көл облусуна барышты, бүгүн алар Ала-Арча жаратылыш паркына жана Бишкек шаарын кыдырышат. Жалпысынан 50дөн ашык турист келген.

Быйылкы жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстандын популярдуу туристтик аймак катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, туризм тармагындагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.

«Кыргыз темир жолу» өз кезегинде темир жол менен коопсуз жүрүүнү камсыз кылуу жана өлкө ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерди модернизациялоо менен туризмди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууда.

Связанный пост