Кыргызстанга Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов келди

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Связанный пост