Кыргызстанга май айында 287,9 млн доллар которулду

 Кыргызстанга май айында 287,9 млн доллар которулду

2026-жылдын май айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 287,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшкөн каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн келип, анын көлөмү 252,4 млн доллар болгон. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 35,5 млн доллар которулган.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 35,7 млн долларды түздү. Анын ичинен 33,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 2,2 млн доллары алыскы чет мамлекеттерге жөнөтүлгөн.

Связанный пост