Садыр Жапаров Сеулдагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына келди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Сеул шаарындагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына келди.
Мамлекет башчысын жана Кыргызстандын биринчи айымын Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жана Кореянын биринчи айымы Ким Хе Гён тосуп алышты.
Расмий тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды, андан соң лидерлер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залына бет алышты.