Кыргызстанга сасык тумоонун алдын алууга “Гриппол+” вакцинасы келет

 Кыргызстанга сасык тумоонун алдын алууга “Гриппол+” вакцинасы келет

Кыргызстанга сасык тумоонун алдын алууга “Гриппол+” вакцинасы келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти

Ведомствонун маалыматы боюнча, сасык тумоонун алдын алуу максатында министрлик 63 миң 734 доза “Гриппол+” вакцинасын сатып алуу боюнча тендер өткөргөн.

Учурда вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал акысыз жүргүзүлөт жана биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар эмделет:

– медициналык кызматкерлер;

– өнөкөт оорусу бар адамдар;

– тез-тез ооруган балдар;

– 65 жаштан жогорку жарандар;

– кош бойлуу аялдар.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана коронавирус инфекциясынын деңгээли боюнча жумалык мониторинг жүргүзүүдө.

Ага ылайык, 29-сентябрдан 5-октябрга чейин республика боюнча 5341 КРВИ учурлары катталган. Бардык катталган учурлардын ичинен 60% – 14 жашка чейинки балдар (3205 учур).

Ар жылы күз айларынын келиши, абанын температурасынын төмөндөшү жана окуу жылынын башталышы менен калктын топтолушу көбөйүп, ошого жараша КРВИ менен ооругандардын саны өсүшү байкалат.

Министрлик учурда КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык сезону баштала электигин билдирүүдө. Көп жылдык байкоолорго ылайык, эпидемиялык сезон адатта ноябрдын аягында же декабрдын башында башталат.

Связанный пост