Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды

 Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды

Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарындагы металлургиялык заводдордун жана комбинаттардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышкан.

“Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири болуп саналат. Курулуш темптери боюнча көптөгөн өлкөлөрдү артта калтырып, асман тиреген имараттарды жана татаалдыгы жогору инженердик долбоорлорду ишке ашырып келет.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Синьцзян-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарына барып, металлургиялык заводдордун жана комбинаттардын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштык. Бул иш сапардын максаты — Кытайдан Кыргызстанга металл прокатын алып кирүүгө уруксат берүү маселеси боюнча негиздүү чечим кабыл алуу болчу.

Иш-сапардын жүрүшүндө кытайлык ишканалар заманбап технологияларды — көмүр, газ жана электроэрозиялык мештерди колдонуп, туруктуу температураны камсыздап өндүрүш жүргүзөрү аныкталды. Арматура менен металдардын сапатын жогорулатуу үчүн ар түрдүү химиялык элементтер кошулат. Жергиликтүү лабораторияларда өткөрүлгөн текшерүүлөр бул материалдардын бекемдиги жана ийилүү сапаты жогорку деңгээлде экенин көрсөттү. Өндүрүш толугу менен автоматташтырылып, заманбап компьютердик программалар менен башкарылат”,-деген ал.

Ошондой эле, Орунтаев Кытай заводдору жана комбинаттары ар кандай түрдөгү металл прокаттарын жана арматураны чыгарууга жөндөмдүү экенин айтып, каалаган долбоор боюнча металл конструкцияларын даярдап бере алышарын белгилеген.

“Жогоруда айтылган себептерден улам, Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү боюнча чечим кабыл алынды.

Урматтуу мекендештер, кытайлык металл сапатсыз деген эски түшүнүктөн арылууга убакыт келди. Азыркы заманбап өндүрүш — бул сапаттуу, сындан өткөн жана стандарттарга жооп берген продукция. Биздин куруучулар ар кандай деңгээлдеги курулуштарда бул материалдарды пайдалануусуна мүмкүнчүлүк болушу керек деп эсептейм.

Жаңы технологиялардан коркпошубуз керек. Курулуш коопсуздугу — биздин башкы милдеттерибиздин бири. Ошондуктан, Кытайдан ташылып келген ар бир партия металл сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде сертификациядан өткөрүлөт. Тиешелүү уруксат кагаздарсыз жана тастыктамаларсыз рынокко чыгарууга тыюу салынат. Бардык этаптарда катуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Курулуш тармагынын өнүгүшү — бул өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө жана келечегине салым. Мыкты технологияларды колдонуп, Кыргызстанды бирге өнүктүрөлү!”,-деп жазган Орунтаев.

Связанный пост