Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү
Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катышуусунда өтүп жаткан инвестициялык саясат боюнча семинарда айтылды.
Маалымат боюнча, 9 ай ичинде облустарга келген инвестициялардын көлөмү төмөндөгүдөй:
– Чүй облусу – 159 млн доллар;
– Жалал-Абад облусу – 88,4 млн доллар;
– Талас облусу – 85 млн доллар;
– Баткен облусу – 42,9 млн доллар;
– Ош облусу – 26,1 млн доллар;
– Нарын облусу – 7,1 млн доллар;
– Ош шаарына – 2,7 млн доллар;
– Ысык-Көл облусу – 1,6 млн доллар.
Иш-чарада Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев 10 айда Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 12,6 млрд АКШ долларын түзгөнүн, өсүү темпи 9,6%ды көрсөткөнүн белгиледи.
“Бул мамлекет тарабынан инвестициялар үчүн жагымдуу климат түзүү багытында активдүү иштер жасалып жатканынан кабар берет”, – деди ал.
Белгилей кетсек, семинар Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Инвестициялык кеңеш тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулууда.