Кыргызстанга июлда 318 млн долларга жакын акча которулган

2025-жылдын июль айында Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 317,7 миллион долларды түздү.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, эң көп агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген агым 19,3 млн долларды түздү.
2025-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү 41,3 миллион долларды түздү.
Анын ичинен КМШ өлкөлөрүнө 39,5 миллион доллар, алыскы чет өлкөлөргө 1,8 миллион доллар которулган.