Кыргызстанга 9 айда чет элдик инвестициянын келиши 655 млн долларды түздү

 Кыргызстанга 9 айда чет элдик инвестициянын келиши 655 млн долларды түздү

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын агымынын лидери Түркия болсо – 341,6 млн доллар, экинчи орунда Кытай – 326 млн доллар, андан соң 145,6 млн доллар менен Россия болгон.

“Ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүктө 157,8 млн доллар менен Кытай, андан соң 131,7 млн доллар менен Россия жана 54,9 млн доллар менен Казакстан болду.

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода, байланыш жана башка тармактарга туура келет”, – деп маалымдады ал.

Связанный пост