Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди

 Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди

Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт.

 

«COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, 2024-жылы COVID-19га каршы эмдөө иштерин улантууда. Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен, эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргойт жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат», – деди Зинат Бейшебаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы.

 

Бул Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн. Ал 6 ай жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу деп эсептелет.

«ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү вакциналардын кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат», – деди Кристина Бруджиоло, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а.

 

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен COVID-19га каршы эмдөө үчүн максаттуу топторду аныктоонун үстүндө иштеп жатат.

 

«Вакциналардын жаңы жеткирилишинин алкагында биз Кыргызстандын COVID-19га каршы коргонуусун күчөтүп жатабыз. Эмдөө калкты коргоп, коопсуз келечекке жол ачкан үмүт чырагыбыз бойдон калууда”, – деди ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

 

Буга чейин ЮНИСЕФ Улуттук вакцина кампасын -80°Сге чейин өтө төмөн температураны талап кылган Pfizer вакциналарын сактоодо колдоо көрсөтүү үчүн муздаткычтар менен камсыз кылган.

Связанный пост