Кыргызстандынн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3,42 млрд сом жеңилдетилген кредит берилди

 Кыргызстандынн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3,42 млрд сом жеңилдетилген кредит берилди
2024-жылдын 18-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоордун алкагында республиканын 8 663 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 422,74 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
Анын ичинде:
– “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 040,81 млн сом суммасында 7 480 субъектти түзөт;
– “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 381,93 млн сом суммасында 1 183 субъектти түзөт.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.
2024 – жылдын 18-июлуна карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат www.minfin.kg расмий сайтында.

Связанный пост