Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
29- ноябрда Түркия Республикасынын Анталия шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Жыйынтыктоочу иш – чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин мырза, Кыргыз Республикасынын Стамбул жана Анталия шаарынын башкы консулдары, Кыргызстандан барган расмий делегация, атайын чакырылган расмий меймандар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.
Алгач, сөз элчи Руслан Казакбаевге берилип, ал эки элдин ортосундагы достук мамилени өркүндөтүүнү жана акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери өтө элек маданий күндөрдү өтүшүнө негиз салган эки мамлекет башчылары Садыр Жапаровдун жана Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапарларда макулдашуусу тууралуу баса белгиледи.
Ал өз сөзүндө, акыркы жылда өлкөбүз ишенимдүү кадамдарга барып, Кыргызстан күчтүү жана жаркын келечегин куруунун жолуна түшүп жаткандыгын айтып, аны менен катар мындай эл аралык кызматташуу ага бекем пайдубал болоорун мисал келтирди.
Ал эми, министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев иш чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан ысык салам жолдоп, дээрлик 4 күнгө созулган маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгилеп, бардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө буга чейин маданият күндөрү алгач 1992, 1993-жылдары болуп өткөнүнө токтолуп, бул ирет маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын 32, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына жана түрк дүйнөсүнүн улуу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өтүп жатышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Тимурлан Ажымалиев ошондой эле: «Эки мамлекетте өз ара негизде байма-бай өткөрүлүп жаткан иш-чаралар элдердин ортосундагы достук мамилелердин жана маданий-гуманитардык алакалардын жакшы динамикасын жана маанайын чагылдырат жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп жатат . Бул күндөрү Анкара шаарынын опера жана балет театрынын сахнасында кыргыз искусство чеберлеринин гала концерти, Гази университетинде “Кыргызстан менен Түркиянын маданий жана адабий байланыштары” аттуу конференция, көркөм сүрөт жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, эл аралык ири кинофестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон кыргыз тасмалары көрсөтүлдү. Салттуу жана заманбап чыгармалар айкалыштырган Маданият күндөрүнүн бай программасы жергиликтүү элдин жана мекендештерибиздин арасында чоң кызыгууну жаратып, жылуу кабыл алынды.
Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн Анкара жана Анталья шаарларында өткөрүүгө колдоо көрсөткөн Түркия Республикасынын маданият жана туризм министр Мехмет Нури Эрсой мырзага, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаевге, Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошоновго, жана Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыковага жана мекендештерибизге ыраазычылык билдирем,- деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Андан соң, Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин мырза Анталияда өтүп жаткан Кыргызстанын маданият күндөрүнүн өтүп жатышы менен куттуктап, өз кезегинде кыргыз-түрк элдеринин боордош, бир тууган эл экенин, мындай алака жана байланыш эки элди жакындатып, мамилесин бекемдей турганын белгиледи.
Андан соң, маданият күндөрдүн жабылыш аземдеги концерттик программа көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды.
Салтанаттуу иш-чара Анталия шаарындагы Хашим Ишжан атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында өттү.