Кыргызстандын аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чара эски аянтта өтүп, анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды.

Министр белгилегендей, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдуулугун, калк үчүн, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Связанный пост