Кыргызстандын эки аэропорту «КМШ арасындагы жылдын эң мыкты аэропорту» наамын жеңип алды

2023-жылдын 22-24-май айында Орусиянын борбору Москва шаарында өткөн эл аралык 62-чи «Санкциялык режимде аэропорттордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо» конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» көргөзмөсү өттү. Аталган иш-чаранын алкагында 2022-жылдагы иштердин жыйынтыгы менен «КМШга мүчө мамлекеттердин жылдын мыкты аэропорттору» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Уюштуруу комитети жыл жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чоң салым кошкон конкурстун катышуучуларына баа беришти. Ага ылайык баардык талапкерлер төрт даража боюнча жеңишке жетишишкен – «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту», «Жигердүү өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн», «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн», «Аэропорттун динамикалык өнүгүп жаткандыгы үчүн».
Тандамдын жыйынтыгы боюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Динамикалуу өнүгүп жаткан аэропорт» деп табылды, ал эми «Ош» эл аралык аэропорту «Аэропорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн» номинациясы боюнча сынактын жеңүүчүсү болду.
Жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарандык авиациянын «Аэропорт ассоциациясы» тарабынан уюштурулуп келет.

Связанный пост