Кыргызстандын аймагында бир жумада 462 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстандын аймагында 15-апрелден 21-апрелге чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 22 миң 564 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 440;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 462;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 81;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 819;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 207;
- авто ээнбаштык — 10;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 108;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 16;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 2 132;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 миң 421 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.