Кыргызстандын аймагында бир жумада 462 мас айдоочу аныкталды

 Кыргызстандын аймагында бир жумада 462 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 15-апрелден 21-апрелге чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 22 миң 564 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 440;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 462;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 81;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 819;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 207;
  • авто ээнбаштык — 10;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 108;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 16;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 2 132;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 миң 421 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост