Кыргызстандын өсүмдүк майы менен камсыздалышы 5%дан 30%га чейин өстү
Кыргызстандын өсүмдүк майы менен камсыздалышы 5%дан 30%га чейин өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Күн мурун Айыл чарба министрлиги менен өсүмдүк майы кластеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Белгиленгендей, бул меморандум менен тараптар азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, өсүмдүк майынын контрабандасына жана контрафактылык продукцияларына каршы күрөшүүгө, ошондой эле бул тармак үчүн сапат стандарттарын киргизүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ата мекендик өсүмдүк майын өндүрүүнү өнүктүрүүнүн оң тенденциялары бар. Мисалы, өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты импорттоого жана жеткирүүгө 0% КНС ставкасы киргизилген учурдан тартып өлкөнүн ата мекендик май менен камсыз болуу деңгээли 2020-жылы 5% болсо, азыркы учурда 30% га чейин жогорулады. Бул күн караманы кайра иштетүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшү жана кайра иштетүүчү ишканалардын санынын өсүшү менен байланыштуу. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салыктык кирешелердин көбөйүшүнө алып келди.
Ошону менен бирге азыркы учурда тараптар керектөө үчүн даяр өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки зат катары кошумча май өсүмдүктөрүн жана тазаланбаган майды КНСтен бошотуу маселесин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого ниеттенишүүдө. Көрсөтүлгөн чаралар кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн өсүмдүк майы менен камсыздыгын 2025-2026-жылдардын аягына чейин 70%га чейин жогорулатууга жардам берет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен өсүмдүк майы кластеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Меморандумдун негизги максаты — агроөнөр жай комплексин биргелешип өнүктүрүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана туруктуу азык-түлүк системаларын түзүү болуп саналат. Документте ассоциацияларга мамлекет тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүү, айыл чарба тармагындагы абалды жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугунун натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.