Кыргызстандыктарга Иран жана Израилге барбай туруу сунушталды

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Иран жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну жана кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү сунуштады.
Ошондой эле ведомство Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана авиакомпаниялардын маалыматтык билдирүүлөрүнө көз салып турууну сунуштады.
Зарыл болгон учурда Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш номерлерине кайрылууну суранабыз:
- Кыргызстандын Катардагы элчилиги: +974 5066 7001;
- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +965 5170 2180;
- Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +98 935 250 5226;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971 2558 4955;
- Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 58 881 3567;
- Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги: +966 58 376 99454;
- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 6800.