Кыргызстандыктардын кирешеси өсүүдө

 Кыргызстандыктардын кирешеси өсүүдө

2024-жылдын I жарым жылдыгында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешеси 458 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24%га өстү.

Улуттук статистикалык комитети маалымдагандай, керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 2024-жылдын I жарым жылдыгында жалпысынан республика боюнча 435,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18%га өстү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына карата колдо болгон акчалай кирешелери 2024-жылдын I жарым жылдыгында айына 11 095,4 сомду түзүп жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20,3% көбөйдү. Кирешелердин эң чоң үлүшү (70,7%) эмгек ишмердигинен алынган кирешелерге туура келди.

Связанный пост