Кыргызстандыктардын 89% өлкөдөгү реформаларды туура деп эсептейт

 Кыргызстандыктардын 89% өлкөдөгү реформаларды туура деп эсептейт

Президенттин “Ынтымак-Ордо” администрациясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган мониторинг презентацияланды.

 

Соңку маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкан өлкө жарандарынын 89%га жакыны Кыргызстан саясий, социалдык жана экономикалык реформалар багытында туура багытта баратат деп эсептейт. Бул өкмөттүн иш-аракетине болгон ишенимдин жогору экендигинен кабар берет.

 

2024-жылдын октябрына карата үй чарбаларынын 75%зы каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезет. Бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрына карата 33%га жогору.

 

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу өсүш байкалууда, ал 41%дан 86%га чейин өскөн. Бул калктын жыргалчылыгына оң таасирин тийгизген азык-түлүк менен камсыздоо системасынын жана азык-түлүк менен камсыз кылуунун жакшырганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, керектөөнү кыскартууга же негизги керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн активдерин сатууга аргасыз болгон үй чарбаларынын үлүшү төмөндөгөн.

 

Ошондой эле, бийлик менен жарандардын ачык диалогуна жана коррупцияга каршы күрөшкө карата оң динамика байкалууда. 2021-жылдын декабрынан бери көрсөткүчтөр шаар калкынын арасында 46%дан 77%га чейин өстү (айыл жеринде 61%дан 79%га чейин).

Өкмөттүн фискалдык компетенциясына ишеним 85%га жетти (2021-жылдын декабрында ал 53% болгон).

 

Мындан тышкары, чет мамлекеттерде иштеген мигранттар 14%дан 8%га чейин азайышы байкалууда, бул прзидент Садыр Жапаровдун тушунда эмгек мигранттарынын агымынын азайгандыгын тастыктайт. Маселен, азыр үй-бүлө мүчөсүнөн 1% миграцияда жүрсө, ал 2021-жылы 13% болгон. Бул көрсөткүчтүн төмөндөшү өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу.

 

“Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктарынын болушу 2021-жылдын декабрынан бери президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”, – деп билдирди Акылбек Жапаров.

 

Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсү – бул ай сайын Кыргызстандын бардык аймактарынан 1500 үй-бүлө мүчөсү менен телефон аркылуу маектешүү аркылуу өткөрүлүүчү панелдик сурамжылоо.

 

Изилдөөгө ылайык КР жарандары болгон белгилүү бир үй чарбаларына дайыма байкоо салынып, убакыттын өтүшү менен алардын жашоо шарты жана каражаттары тууралуу айдан айга кандай өзгөрүп жатканы жөнүндө маалымат чогултулат.

 

Бул изилдөө 2021-жылдын декабрында башталган жана ага төмөндөгү негизги багыттар кирген:

 

азык-түлүк коопсуздугу;

эмгек рыногу;

акча которуулар;

социалдык кызмат көрсөтүүлөр;

экономикалык шарттар жана башкаруу боюнча көз караштар.

Связанный пост