Кыргызстандыктарды Кореяда ишке орноштуруу боюнча жаңы макулдашуу түзүлдү
Кыргызстан менен Корея Республикасы EPS системасынын алкагында кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 17-сентябрда президент Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Кореянын Эмгек жана жумуштуулук министрлиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документ кыргызстандыктарды Кореяда мыйзамдуу, коопсуз жана иреттүү жумушка орноштуруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиз түзөт. Ошондой эле жарандарды ачык-айкын тандоо, анын ичинде корей тили боюнча EPS-TOPIK экзаменин тапшыруу тартибин камтыйт.
Меморандум эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана миграциялык процесстерди жакшыртуу боюнча кызматташуусун бекемдөөгө багытталган.