Кыргызстандыктар аралыктан добуш бере алышат

 Кыргызстандыктар аралыктан добуш бере алышат

Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, шайлоо процесстерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири – бул аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү.

Муну ишке ашыруу максатында Боршайком уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тестирлөө аракеттерин өткөрүүдө.

Шайлоо мыйзамдарына кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Аралыктан добуш берүү – бул шайлоочулардын туруктуу катталган дареги боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жакынкы шайлоо участкасына барып, добуш бере алуу мүмкүнчүлүгү.

Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда ошол катталган шайлоо участогунда гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт.

Чет өлкөдө жашаган же жүргөн кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында шайлоо процесстерине катышуу үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аралыктан добуш берүү аркылуу айылыңыздагы же шаарыңыздагы сиз тандаган татыктуу талапкерди колдоого болот.

Мындан тышкары, айрым жарандарыбыз Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелер аркылуу жарандык паспортун алууда учурда жашап жаткан жериндеги дарекке каттого туруп койгон.

Онлайн идентификациялоо маалымат тутумунда катталган дареги жок болсо жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары дарек көрсөтүлгөн учурда, маалымат тутумду тестирлөөдө шайлоо бюллетени басып чыгарылбай, же бош калууда.

Ошондуктан БШК жарандардын аралыктан добуш берүүсүн камсыздоо максатында чет өлкөдө паспорт алууда чет элдик каттоо даректерин көрсөткөн учурларда, каттоо дарегин Кыргызстандын аймагындагы даректерге алмаштырууну сунуштайт.

Связанный пост