Кыргызстандан Россияга дарбыз жана коон экспорттоло баштады

 Кыргызстандан Россияга дарбыз жана коон экспорттоло баштады

Кыргызстандан Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Тула шаарларына коон жана дарбыз экспорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинен билдиришти.

 

Азыркы учурда министрлик тарабынан түшүмдү Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспортто үчүн Аксы районунун дыйкандарына ар тараптан жардам көрсөтүү максатында жүк ташуучу транспорт менен камсыздоо уюштурулуп, аталган өлкөлөрдүн базарларына сатууга көмөк көрсөтүлүүдө.

 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2 242 га аянтка бакча өсүмдүгү эгилген. Анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон, бүгүнкү күнгө карата жалпы 50 мин 350 тонна бакча өсүмдүгү жыйналды. Анын ичинен 43 миң 699 тоннасын дарбыз, 6 миң 651 тоннасын коон түзөт.

Связанный пост