Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болду

 Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болду

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан каза болгондордун саны 24,1% азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейинки аралыкта өлкө боюнча 1 173 жол кырсыгы катталган: андан 1 673 адам жабыркап, 82 киши каза болгон. Мында жабыркагандар боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%, ал эми каза болгондор боюнча 24,1% азайган.

Жыл башынан бери жашы жете электердин катышуусунда 245 жол-транспорт кырсыгы катталган, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 15,2% азайган. Жабыркагандардын саны 23,5%га, ал эми жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга кыскарган.

ЖКККББнын кызматкерлери жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик жана профилактикалык иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет.

Связанный пост