Кыргызстанда жыл башынан бери энелердин өлүмү 20,2% азайды

 Кыргызстанда жыл башынан бери энелердин өлүмү 20,2% азайды
Министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири эненин жана баланын ден соолугун коргоо болуп саналат. 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25,0 азайган же 27 учурду түзүп 20,2%га кыскарган (31,3 же 34 учур – 2022); ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022).
Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Связанный пост