Кыргызстанда жогорку окуу жайларга 29 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

 Кыргызстанда жогорку окуу жайларга 29 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Кыргызстанда жаңы окуу жылында жогорку окуу жайларга 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу “Абитуриент онлайн” платформасында айтылат.

Ресурстун маалыматы боюнча, анын ичинен 7 миң 59 студент бюджеттик негизде, ал эми 22 миң 110 студент контракттык негизде окууга өттү. Күндүзгү бөлүмгө 27 миң 738 студент, ал эми сырттан окуу бөлүмүнө 1431 студент кабыл алынды.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу 14-июлда башталып, абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” платформасы аркылуу үч тур менен жүргүзүлгөн.

Кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлдү:

  • I тур: 14-16-июль;
  • II тур: 21-23-июль;
  • III тур: 28-30-июль.

Связанный пост