Кыргызстанда жазгы талаа иштери дээрлик аяктады

 Кыргызстанда жазгы талаа иштери дээрлик аяктады

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жазгы талаачылык иштери дээрлик аяктады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жазгы айдап-себүү иштери жалпы 657,1 миң гектар жер аянтында аткарылды. Жалпылап айтканда:

  • буудай – 101,9 миң гектарга себилип, план 99 пайызга;
  • арпа – 228,4 миң гектарга себилип, план 95 пайызга;
  • жүгөрү – 105,8 миң га себилип, план 98 пайызга;
  • картошка – республика боюнча 63,6 миң гектар аянтка айдалып, план 96 пайызга аткарылды.

Ошондой эле жашылча өсүмдүктөрү 53 миң гектар аянтка айдалып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көп болду.

Бакча өсүмдүктөрү – 12,2 миң гектарга айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 1,16 миң гектарга көп.

Май өсүмдүктөрү – 12,7 миң гектар аянтка себилип, өткөн жылдын деңгээлинде болууда.

Кант кызылчасы – Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жалпы 13 миң гектар жерге айдалып, жумуштар аяктоо адында турат.

Связанный пост