Кыргызстанда Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа даярдалууда

 Кыргызстанда Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа даярдалууда

Кыргызстанда Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа даярдалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда программаны даярдоо иштери аяктап калды. Документке жашыл экономиканын артыкчылыктуу бир катар багыты киргизилген.

“Буга чейин 2019-2023-жылдарга карата Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы ишке ашырылды. Жаңы программа жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай, туризм, транспорт, калдыктарды башкаруу жана жашыл шаарларды куруу сыяктуу негизги секторлорду камтыйт. Негизги күч-аракеттер экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө, кайра жаралуучу энергия булактарына инвестицияларды көбөйтүүгө жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын кеңейтүүгө багытталган”, – деди Санжар Болотов.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүдө мамлекеттик органдарга жана бизнес коомчулукка кошо эле жарандардын жоопкерчилиги маанилүү. Анткени ар бир кыргызстандык күнүмдүк жашоо-турмушунда айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген жашыл технологияларды колдонуп, жаратылышка аяр мамиле кылууну адатка айлантса климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө салым кошкон болот.

Ошондой эле Санжар Болотов Кыргызстандын жашыл өнүгүү стратегиясына өтүүдөгү жетишкен олуттуу ийгиликтери тууралуу айтып, бул багыт өлкөнүн улуттук саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп калганын белгиледи.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост