Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 9 эсеге азайды

 Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 9 эсеге азайды

2001-жылдан бери өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайларды В вирустуу гепатитине каршы эмдөө программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, курч В вирустук гепатити балдар арасында сейрек катталат.

“Жалпысынан калк арасында оорунун көрсөткүчү 9 эсеге кыскарды”, – деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар адам папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өткөнүн белгиледи. Бул программа профилактикалык эмдөө календарына ылайык жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 240 миң 287 кыз АПВга каршы эмдөөдөн өттү.

Связанный пост