Кыргызстанда унааны импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгы жокко чыгарылды

 Кыргызстанда унааны импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгы жокко чыгарылды

Кыргызстанда жарандар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда алынган кирешелердин салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы жарандар автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө жана кайра сатууда тапкан киреше салыгынан бошотулгандыгын билдирет.

Калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу, ошондой эле убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында салык мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргызстандын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 мыйзамына ылайык, жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден салыктар боюнча, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат.

Бирок, төмөнкү бир нече шарттар бар:

1. Салыктан бошотуу, эгерде карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана колдонулат.
2. Эгерде салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт.

Бул чара экономикалык оор мезгилде автоунаа сатып алган жана саткан жарандарды колдоого багытталган жана көпчүлүккө каржылык кыйынчылыктардан чыгууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.

Бул иш-чара салык мыйзамдарын билбеген же алдамчылыктын курмандыгы болгон, келечекте салык милдеттенмесин албай тургандыгына ишенип, автоунааларды өз атына каттаткан жарандарды колдоого багытталган.

Буга байланыштуу Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын баса белгилейт. Салык кызматы алдамчылык ишкердигине жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.

Связанный пост