Кыргызстанда “Тунгуч” онлайн-мектеби түзүлдү

КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде «Тунгуч» онлайн-мектеби түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилгенин башкы максаты – географиялык жактан алыс жайгашкандыгына, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки мектепке бара албай калган окуучуларды сапаттуу билим менен камсыздоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жаңы ыкмаларды өнүктүрүү.
Долбоордун башкы өзгөчөлүктөрү:
- окуучуларды географиялык, социалдык же физикалык чектөөлөргө карабастан бирдей мүмкүнчүлүктө онлайн окутуу;
- инновациялык окутуу методдорун жана санариптик технологияларды колдонуу;
- мугалимдерге окутуу процессин ыңгайлаштырууга жана заманбап платформаларда иштөөгө мүмкүндүк түзүү;
- билим алуу процессинин натыйжалуулугун жана жагымдуулугун жогорулатуу.
Каржылоо жана уюштуруу:
- “Тунгуч” онлайн-мектеби расмий түрдө мамлекеттик каттоого алынат;
- каржылоо жыл сайын республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
- мугалимдерге жана мектептин кызматкерлерине санариптик билим берүү программаларын уюштуруу үчүн атайын айлык маяна каралган.
Бул пилоттук долбоор Кыргызстандагы онлайн-билим берүүнү жаңы баскычка көтөрүп, коомдун ар кыл катмарындагы балдарга жана жаштарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «Тунгуч» онлайн-мектеби – келечектин инновациялык багытына кадам таштаган маанилүү демилге.
Кошумча маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылыңыздар (E-mail: info@edu.gov.kg).