Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 8-жумасында (17.02.25 – 23.02.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 82 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мындай көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 6,6% га төмөн.
Белгилей кетсек, ооругандардын 5,1%ы (520 адам) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалып, эң көп таралган риновирус – 27,4%, респиратордук синцитиалдык вирус – 27,1%, аденовирус – 12,8%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустар – 20,8% (анын ичинде метапневмовирус – 2,2%).
Эске салсак, 2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 59,6% – A/(H1N1(2009)), В түрүнүн айрым учурлары – 36,1% жана 4,3% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.