Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 3-февралдан тарта 9-февралга чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын 10407 жана сасык тумоонун 30 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу 0,9%га төмөндөдү. Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28,9%, риновирус – 26,3%, аденовирус – 12,9%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустук инфекциялар 11,9%ды түзөт.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосу жана В гриппинин айрым учурлары – 29,6% жана COVID-19 – 6,2% шарттаган сасык тумоо мезгили байкалууда.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.