Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты

 Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты

2025-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы чакан ишканаларды эске албаганда 42 миң 20 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга көп. Керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 11,5 пайызга өскөн.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндө байкалды.

Эмгек акынын эң чоң өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:

  • Кыймылсыз мүлк менен операциялар — 40,3 пайыз;
  • Курулуш — 39,4 пайыз;
  • Административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 30,1 пайыз;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө — 27,3 пайыз;
  • Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 27,3 пайыз;
  • Мейманканалар жана ресторандар — 26,2 пайыз;
  • Мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо — 24,2 пайыз;
  • Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 22,9 пайыз;
  • Башка тейлөө кызматтары — 21,3 пайыз.

Связанный пост