Кыргызстанда онлайн автомектептер пайда болот
Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окута турган автомектептерди түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, окутуунун жаңы форматы сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
“Баарын тынчтандырып, кооптонууга негиз жок экенин билдиргим келет. Эгер жарандар окууга келе албаса, же мисалы, балдары бар аялдар декретте болсо, алар онлайн окуй алышат. Биз бардык шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө бул абдан актуалдуу. Бардык чоң университеттер онлайн-окутууга өтүп жатышат жана анын натыйжасы жакшы. Муну биз практика жүзүндө дагы көрүп жатабыз”, — деп белгиледи Раимбеков.
Ал ошондой эле болочок айдоочулар үчүн практикалык сабактардын программасы иштелип чыкканын жана жакынкы арада коомчулукка сунуштала турганын кошумчалады.