Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камтуу 44,3 пайызды түздү

 Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камтуу 44,3 пайызды түздү

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү жалпы камтуу 44,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова окуу жылынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда толук кандуу бала бакчаларда 257 миңден ашуун бала тарбияланууда.

“Биздин максат-жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүү. Бул үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн окуу жылында бакчалардын жалпы саны бир жылда 85ке өсүп, 1997 мекемеге жетти”, – деп билдирди Билим берүү министринин орун басары.

Билим берүү тармагындагы реформалар мектепке чейинки билим берүүгө да өз таасирин тийгизди. Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты жана бала бакчалардын ишин жөнөкөйлөтүп, аларды ата-энелер үчүн жеткиликтүү кылган бир катар документтер кабыл алынды. Ваучер системасы киргизилип, бул мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун жаңы моделин толугу менен автоматташтырды.

Мектепке чейинки билим берүүгө мүмкүн болушунча көп балдарды камтуу үчүн 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылган. Бул баланы бакчага толук күн бою берүүгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү. 25 миң 645 бала 570 бакчадагы 985 жаңы тайпага катталып, уктоочу бөлмөлөр билим берүү аянтчасына айландырылган. Ошондой эле үй тибиндеги 257 балдар бакчалары ачылган.

Бала бакчаларды курууга жана реконструкциялоого колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик банктар 10 млн сомдон 70 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар бериле баштады.

Связанный пост