Кыргызстанда кызамык менен ооругандар азайды

Жыл башындагы оор эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, өлкөдө өзгөчө акыркы айларда кызамык оорусу туруктуу төмөндөп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ооругандардын саны азайды. 2025-жылдын 9 айында өлкөдө кызамык оорусунун тастыкталган 8 949 учуру катталды, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла аз (13 380 учур).
Оорунун эң көп төмөндөшү 2025-жылдын сентябрында байкалды, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2-3 эсе аз болду. Октябрь айында кызамык оорусунун жаңы учурларынын жоктугу оң динамикадан кабар берет.
Оорулуулардын эмдөө статусу.
Ооругандардын басымдуу көпчүлүгү – 94 пайызы (8 390 учур) – эмделбегендер.
Алардын көпчүлүгү эмдөөдөн баш тарткандар (43% же 3 871 учур) жана жаш курагына байланыштуу эмдөө албагандар (31% же 2 746 учур, негизинен 1 жашка чыга элек балдар).
Бардык катталган учурлардын 75 пацызы 9 жашка чейинки курактагы балдарга туура келет. Оорунун эң жогорку көрсөткүчү (100 000 адамга 1 901,9) 1 жашка чыга элек балдардын арасында катталды.
Кызамык оорусунун чыгышына жооп катары Кыргызстандын бардык аймагында эмделбеген балдар арасында кошумча эмдөө иштери уланууда.
2025-жылдын май айында 9 айлык курактан 7 жашка чейинки балдардын арасында 2023-2025-жылдар аралыгында ишке ашырылган кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өнөктөгүнөн кийин масштабга баа берилди. Баалоонун жыйынтыгы боюнча республика боюнча масштаб 94,5 пайызды түздү.
Кошумча эмдөөнүн алкагында 2 805 бала кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө алышты. Эмделбеген жана вакцинанын бардык дозаларын албаган балдарды аныктап, эмдөө боюнча жигердүү иштер улантылууда.
РИБ балдары пландалган эмдөөлөрдү өткөрүп жиберген бардык ата-энелерди эч кечиктирбестен жакынкы медициналык мекемеге кайрылууга чакырат.