Кыргызстанда кызамык боюнча эпидабал курч бойдон калууда

 Кыргызстанда кызамык боюнча эпидабал курч бойдон калууда

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкө боюнча 5168 учур катталды.

КР “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-подпунктуна ылайык, инфекциялык оорулардын массалык жайылышы же эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөө албаган жарандарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн. Бул, биринчи кезекте, мектепке чейинки курактагы балдарга тиешелүү.

КР Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир бала ден соолугун коргоого жана чыңдоого, ошондой эле мыйзамдарга ылайык бекер эмдөөдөн өтүүгө укугу бар.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1777 эмдөө кабинети БМСЖ деңгээлинде (ҮМБ, ҮДТ, ФАП) жана төрөтканаларда иштөөдө. Ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар баланын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, акыркы 5 жыл ичинде БМСЖ деңгээлинде 85 көчмө мобилдик бригада активдүү иштеп келет. Алар республиканын бардык аймактарында, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мигранттар арасында да эмдөө жүргүзүп жатышат.

Эскерте кетсек, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алыныш үчүн балдар медициналык кароодон өтөт, анын алкагында №63 формадагы эмдөө картасы толтурулат. Анда баланын Эмдөө календарына ылайык алган вакциналары көрсөтүлөт, бирок билим алууга уруксат/чектөө тууралуу маалымат камтылбайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да оорунун мындан ары жайылышын алдын алуу максатында кызамыктын очокторун жоюу иштерине көмөк көрсөтүүдө.

КР “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, жарандар милдеттүү же сунушталган эмдөөгө байланыштуу медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткарууга милдеттүү.

Жыл сайын эмдөөдөн баш тарткан учурлар 20 миңге чейин жетет. Баш тартуунун негизги себептери: диний ишенимдер – 43%, вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугуна болгон шек 45%.  Бул вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардын жайылышына алып келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактика борборунда кызамык жана кызылчага каршы эмдөө боюнча маалымат берүүчү колл-борбор иштейт. Эмдөө боюнча суроолоруңуз болсо, акысыз кеңеш алсаңыз болот.

Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 22:00гө чейин иштейт:

📞 +996 (999) 632 226
📞 +996 (703) 232 564
📞 +996 (708) 521 710
📞 +996 (703) 126 442
📞 +996 (999) 323 011
📞 +996 (312) 323 011

Связанный пост