Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет
Кыргызстанда 26-май арапа күнү, 27-май Курман айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктан билдиришкендей, Курман айт күнү адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү – курмандык чалуу.
“Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт”, – деп айтылат маалыматта.