Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүк арзан

 Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүк арзан

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 17-сентябрга карата Кыргызстанда жана коңшу Казакстан менен Россиядагы азык-түлүк продукцияларына болгон баага мониторинг жүргүздү.

Анын жүрүшүндө Кыргызстанда жашылча-жемиштерге, айрыкча сабиз, пияз жана картошкага болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда. Мында орточо баалар төмөнкүдөй:

  • жумуртка – 93,7 сом;
  • картошка – 39 сом;
  • кумшекер – 76,4 сом;
  • өсүмдүк майы – 151,5 сом;
  • макарон азыктары (спагетти) – 73 сом;
  • кой эти – 674 сом;
  • пияз – 33,1 сом;
  • сабиз – 51 сом;
  • күрүч – 144 сом;
  • макарон азыктары (рожки) – 74 сом;
  • макарон азыктары (вермишель) – 76 сом.

Ал эми Казакстанда ушул эле товарлардын орточо баасы төмөндөгүдөй:

  • кой эти – 710 сом;
  • уй эти – 779 сом;
  • пастерленген сүт – 102,5 сом;
  • кумшекер – 93,5 сом;
  • пияз – 26,6 сом;
  • картошка – 32,6 сом;
  • макарон азыктары (вермишель) – 91,5 сом;
  • каймак май – 716,7 сом;
  • сабиз – 34,7 сом;
  • өсүмдүк майы – 171 сом;
  • жумуртка – 108,7 сом.

Россиядагы баалар:

  • жумуртка – 118 сом;
  • пастерленген сүт – 92,4 сом;
  • кумшекер – 76,8 сом;
  • нан азыктары – 136 сом;
  • уй эти – 670 сом;
  • сабиз – 62,5 сом;
  • пияз – 60 сом;
  • картошка – 69,5 сом;
  • күрүч – 168,8 сом.

Связанный пост