Кыргызстанда картошка импортуна чектөө киргизиши мүмкүн
Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылы өлкөдө болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө.
“Калктын жылдык керектөөсү 799 миң 700 тоннага жакын. Учурда картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9 пайызды түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Сунушталган чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, дыйкандар өндүргөн картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.
Картошканын импортуна убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтомдун долбоору учурда коомдук талкууда. Анын жүрүшүндө кызыкдар тараптардын сунуштары жана пикирлери эске алынат. Токтом мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынат.