Кыргызстанда көмүскө экономика ИДПга карата 21% түзөт
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономика республиканын ИДПсына карата 21%ды түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө декларацияланбаган мүлктүн 40%га жакыны көмүскө сектордо.
Көмүскө жүгүртүүнү азайтуу жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды көбөйтүү үчүн 2023-жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койгон. Мыйзам салык мунапысы аркылуу мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартууга багытталган.