Кыргызстанда эки ирет жер титирөө катталды

 Кыргызстанда эки ирет жер титирөө катталды

Күн мурун өлкө аймагында эки ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач 4 баллдык жер титирөө саат 08:21де катталган. Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, Нарын шаарынан 210 жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 252 чакырым аралыкта болгон. Калктуу конуштарда анчейин билинген эмес.

Ошондой эле экинчи зилзала саат 19:24тө катталып, магнитудасы 5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, өлкө аймагындагы төмөнкү чекиттерден аралыктары катталган:

  • Иркештам айылынан — 47 чакырым;
  • Нура айылынан — 49 чакырым;
  • Икизяк айылынан — 55 чакырым;
  • Ош шаарынан — 175 чакырым түштүк-чыгышта болгон.

Иркештам, Нура жана Икизяк айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзгөн.

Связанный пост